Москвада чоң театрдын кызматкерлери коронавирус жуктуруп алды

Москвадагы Чоң театрдын бир канча кызматкерлери коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде орусиялык басылмалар мекеменин басма сөз кызматына таянып, жазып чыгышты.

 

«Вирус жуктуруп алгандардын эч кимиси жөтөлбөй, дене табы дагы көтөрүлгөн эмес. Алар тест тапшырганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Коронавирус жуктуруп алгандар жумуштан четтетилди», — деп жазылат маалыматта.

Орусияда 18 миң 328 адамдан коронавирус аныкталган, 1 470 адам айыккан.