Россияда бир күндө үч миңден ашык адамдан коронавирус чыкты

Россияда соңку бир күн ичинде коронавирус 3388 адамдан табылды. Илдет 28 адамдын өмүрүн алды. Ошентип ооругандардын жалпы саны 24,5 миң адамга чукулдап, каза болгондор 200 кишиге жеткени калды.

 

Расмий маалымат боюнча, ушул тушта 130 миңден ашык адам коронавирус жугузуп алышы ыктымал деген шек менен дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Өлкө боюнча 1,5 миллиондой тест алынды.

 

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жугузуп алгандардын саны эки миллиондон ашты. Оору 125 миңден ашык кишинин өмүрүн алды. АКШ ооруга кабылган жана андан көз жумган адамдардын саны боюнча алдыда турат. Кошмо Штаттарда коронавирусту 600 миңден ашык адам жугузуп алды, 26 миңден көп киши көз жумду.

Мунун алдында Европада оорунун очогуна айланган Италия менен Испанияда өкмөт катаал карантин чараларын акырындык менен жумшарта баштай турганын билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай кадамдарга эрте экенин эскерткен.