Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 918 миң 855ге жетти

14-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 1 миллион 918 миң 855ге жетти. Алардын 448 миң 988 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 119 миң 588 бейтап каза болду.

АКШда 581 миң 679 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 43 миң 78 жараны айыкса, 23 миң 604 бейтап көз жумду.

 

Испанияда 170 миң 99 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 64 миң 727 бейтап ооруну жеңип, тилекке каршы, 17 миң 756 бейтап дүйнө салды.

 

Италияда болсо, 159 миң 516 адамдан коронавирус аныкталып, 35 миң 435 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 20 миң 465 жаран каза болду.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.