Меккеде алгачкы ирет ажылык чет өлкөлүк зыяратчылар жок өтүп жатат

Меккеде алгачкы ирет ажылык чет өлкөлүк зыяратчылар жок өтүп жатат.

Анын башкы себеби коронавирус пандемиясы. Жыл сайын Ажы учурунда

Меккеге дүйнөдөн 2 миллиондон ашык мусулман келет. Ал эми быйыл

10 миңден ашпаган адамга гана уруксат берилди. Алардын басымдуу бөлүгү

жергиликтүү тургундар. Жашы 60тан ашкан адамдар жана өнөкөт оорусу барлар

киргизилген жок. Андагы зыяратчылар коронавируска тест тапшырышты.

Социалдык аралык сакталууда.