Европада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр каралууда

Франция жана Германия коронавирус жуккандар көбөйгөндүктөн жаңы чараларды караштырууда.

 

Илдетти жугузгандар көбөйгөнүнө байланыштуу Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө реанимация бөлүмдөрүнө күч келип жатат. Кризис март-апрель айларындагы көрсөткүчтөргө жакындады. Ошондо толук карантин коронавирус кризисин ооздуктоого жардам берген эле.

 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-октябрда кечинде элге кайрылып, жаңы чараларды жарыялайт. Эксперттер бул өлкөдө кайрадан катаал карантин киргизилиши мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

 

Буга чейин бир катар ири шаарларда түнкүсүн сыртка чыгууга тыюу салынган. Акыркы 24 саатта Францияда COVID-19 вирусунун кесепетинен 523 киши каза болду.

Немис канцлери Ангела Меркел 16 аймактын жетекчилери менен жолугушуудан кийин бир катар чечимдерди кабыл алганы турат. Европанын бул өлкөсүндө 27-октябрда вирусту 11,5 миң киши жугузуп алганы аныкталды.

 

Жаңы радикалдуу чараларды буга чейин Италия менен Испания да киргизген.

 

Орусия инфекциялангандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Атап айтканда, өлкөдө бир миллиондон көп киши вирус жугузуп алган, 26 миңден ашуун бейтап көз жумду. Бийлик коомдук жайларда, транспортто, таксиде, лифттерде маска тагынууга элди милдеттендирди.

АКШнын 47 штатында бир күндө катталган бейтаптар, 43 штатта өлгөндөр көбөйүп жатат.

 

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, өткөн жумада бир күндө орто эсеп менен алганда коронавируска кабылган 73 миңдей киши катталды. Бул июль айындагы көрсөткүчтөн көп.