Дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооругандардын саны 3 миллионго жакындады

Жон Хопкинс университети дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 971 миң 90 адамга жеткенин маалымдады. Ал эми каза болгондордун саны 206 миң 514кө жетти.

 

Коронавирус илдетин жуктургандардын жана каза болгондордун саны боюнча алдыда келе жаткан 5 өлкө:

 

1. АКШ — 965 миң 465 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 54 миң 24 адам көз жумган;

2. Испания — 226 миң 629 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 23 миң 190 адам көз жумган;

 

3. Италия — 197 миң 675 адам вирус жуктуруп алса, алардын ичинен 26 миң 644 адам көз жумган;

 

4. Франция — 162 миң 220 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 22 миң 856 адам көз жумган;

5. Германия — 157 миң 770 адам вирус жуктуруп, 5 миң 976 адам көз жумган.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия башталган Кытайдын Ухан шаарында коронавирус илдетинен жабыркаган бир дагы адам калбаганын билдирди.