Кыргызстандыктар Москвадагы миграциялык борбордун кызматтарын кезексиз алат

Кыргызстандыктар Москвадагы миграциялык борбордун кызматтарын кезексиз алат. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Кыргызстан менен ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин жарандары үчүн “2А” деген өзүнчө кире бериш уюштурулду.

 

Бул жерден мекендештер кезексиз тартипте медициналык кароодон өтүп, манжа издерин тапшыра алат.