Россия кыргызстандык мигранттарга мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор менен иштөөгө уруксат берди. Документти алмаштырбай эле турса болот, бирок сөзсүз түрдө узартуу шарт, — дешти аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен.
Маалыматка ылайык, паспорттордун мөөнөтү аяктаса, аны Москвада жайгашкан элчиликтен узартуу керек. Жалпы жарандык паспорт болсо, ага мөөр басылат, ал эми ID-карта болсо, атайын маалымкат жазылып берилет.
Мөөнөтү мындай жол менен узартылган паспорт менен Россия аймагында турууга, иштөөгө жана чек арадан өтүүгө болот