Кыргызстандык мигранттар жакынкы арада Финляндия, Болгария жана Германияга барып иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана эмгек министринин орун басары Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында чет мамлекетке иштөө максаты менен 6 миң кыргызстандык чыгып кетти. Мигранттар көп бара турган мамлекеттерге Россия, Түркия жана Түштүк Корея кирет, — деди Базарбаев.