Садыр Жапаров мамлекеттик визит менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын май айында Кытайга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган жолуккан. Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-апрелде Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” тышкы иштер министрлеринин IV жыйынынын алкагында өткөн.

 

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында Кытайга биринчи мамлекеттик сапарын уюштурууга, ошондой эле мамлекет башчысынын “Борбор Азия — Кытай” биринчи саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине бурулду, — деп айтылат маалыматта.