Жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Башмыйзам кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы бир күндүк акция өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 4-май күнү өлкө аймактарында саат 10:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардам берилет:

Бишкек шаары:

«Ош» базары;

«Орто-Сай» базарындагы «Оберон» эс алуу жайы.

Ысык-Ата району:

Новопокровка айыл өкмөтүнүн имараты.

Талас шаары:

«Алтын Казык» соода борбору.

Жети-Өгүз району:

Кызыл-Суу айылы, Биринчи Май көчөсү, 59, КТБнын имараты

Ат-Башы району:

Ат-Башы айылы, Жунусов Мутай көчөсү, 7а.

Ак-Талаа району:

Баетов айылы, Асаналиев көчөсү, 11.

Араван району:

райондук администрациянын имараты.

Алай району:

Гүлчө айылы, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун (АЮЖБ) имараты

Токтогул району:

райондук администрациянын имараты.

Баткен району:

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имараты.