Акылбек Жапаров Москвада жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвада (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сапардын ждүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилеп кетсек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын президенти, төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.