Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт.
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан менен россиялык спортчунун кармашы Алматы шаарында өтөт. Алар 77 кг салмакта күч сынашат. Беттеш болжол менен түнкү саат 11де болот.
Белгилеп кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов Дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.