Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйгөн учурга даяр. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын өкүлү Касымбек Мамбетов ишендирүүдө.
Анын айтымында, ооруканаларда дарылардын жана вируска каршы препараттардын 3 айлык запасы бар. Керебеттердин резерви дагы жетиштүү. Адистердин жетишсиздиги жок. Мамбетов белгилегендей, инфекциянын очогунда иштеп жаткан дарыгерлер жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздалган.