Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген каражатка вакцина сатып алат.
Тагыраагы, 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза препарат алынат.
Калган сумма башка медициналык муктаждыкка багытталат, — деп билдирди
саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов.
Вакцинанын бир дозасы 17 долларга барабар. 1 миллион компонет 500 миң кишиге жетет, — деди
чиновник. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 90 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Кошумчаласак,
Дүйнөлүк банк берген акчанын жарымы грант түрүндө, калганы 38 жылга
0,75 пайыз менен насыя катары берилет.