Бишкектеги мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал.

Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери

Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, ордо калаада 14 жашка чейинки балдар арасында

коронавирус азайган учурда мектептер үчүнчү чейректен баштап кадимки тартипте иштеп баштайт.

Башкы дарыгер белгилегендей, Бишкектеги жеке билим берүү мекемелеринде

6-класска чейинки балдар офлайн режиминде окуп жатат.