Ошто балдар инфекциялык ооруканасын оңдоо жыйынтыкталды

Ошто балдар инфекциялык ооруканасын оңдоо жыйынтыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, дарылоочу жай 2 блоктон туруп, 180 орунга эсептелген.

 

Ремонтко 25 миллион сом бөлүнгөн. Ведомстводон белгилешкендей, бир корпуста коронавирус менен бейтаптар кабыл алынса, экинчисинде жалаң жаш балдар гана тейленет.