Санэпидем көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборлоруна 19 санитардык унаа тапшырылды

Санэпидем көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборлоруна 19 санитардык унаа тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника өлкөнүн алыскы райондорундагы калкты тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.

 

Кызматкерлер ошондой эле, көчмө эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Унаалар республиканын 18 райондорунда жайгашкан борборлорго тапшырылат.