Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата маданий иш-чаралардын программасы жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай борбор калаада төмөнкү иш-чаралар өтөт:
1-июндан 7-июнга чейин №4 балдар искусство мектебинде көркөм сүрөт бөлүмүнүн студенттеринин сүрөт көргөзмөсү болот.
1-июнь:
- саат 10:00дө №7 Балдар искусство мектебинин концерттик залында (4-кичи район, 6/2) Балдарды коргоо күнүнө арналган концерт болот;
- саат 10:00дө Чуйков атындагы музейде (Чуйков көчөсү 87) Балдар искусство мектеби менен биргеликте «Балдар дүйнөнү боёшот» көргөзмөсүнүн ачылышы;
- саат 10:00дө Чоң Арык айылындагы Маданият үйү (Самойленко көчөсү 2/1) балдар үчүн майрам;
- саат 12:00дө Фучик сейил багында шаардык «Диалог» Маданият үйүнөн балдар үчүн №2 балдар искусство мектеби менен биргеликте майрамдык концерт болот.