Ордо калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлдү.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7ге чейин Калык Акиев,
Киев, Тимирязев, Сыдыков жана Фучик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Кара-Жыгач жана
Арча-Бешик конуштарында жарык жок болот. Чектөөлөр электр
тармактарындагы оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.