Кыргызстанда бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.
Бул күнгө карата Бишкекте концерт, майрамдык иш-чаралар уюштурулган.
Андан тышкары, чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын
музыкалык жана искусство мектептеринде дагы уюштурулган.
1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын
сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет