Азык-түлүк баасынын жогорулашын токтотууга мамлекеттик материалдык резервдер
фондунун мүмкүнчүлүгү каралат. Бул тууралуу жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы
Гүлнара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, жеткирүүчүлөр жана сатуучулар бирдиктүү
түрдө азык-түлүк наркынын жогорулашын чектөө боюнча келишим түзүштү. Андан тышкары,
эс алуу күндөрү өлкөдө дыйкандар жарманкеси өтүүдө. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр
товарды дүң баада сатышууда. Бийлик мындай базарларды ар дайым уюштуруу ниетинде.