Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.
Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет.
Эске салсак, былтыр апрелде беш шаарда – Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Каракол жана
Балыкчыда жергиликтүү кеңештерди, ошондой эле 25 айыл аймакта шайлоо өткөрүү пландалган.
Бирок коронавирус пандемиясынан улам мөөнөт белгисиз убакка жылдырылган