Бишкекке Екатеринбургдан дагы 166 кыргызстандык келди

Бишкекке Екатеринбургдан дагы 166 кыргызстандык келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Пермь жана башка шаардагылар чогулуп келишти.

 

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүүдө артыкчылык студенттерге, кош бойлуу жана балдары бар аялдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилүүдө.