Apple ноябрда кезектеги жаңы продукциясын тартуулайт.
Bloomberg агенттиги билдиргендей, компания MacBook Pro
ноутбуктарын көрсөтөт. Күтүлгөндөй алар 14 жана 16 дюйм менен
эки вариантта тартууланат. Түзүм жаңы 10 ядерлүү процессор менен
жабдууланган. Apple акыркы иш-чарасын сентябрдын ортосунда
онлайн форматта өткөргөн. Анда iPhone 13 смартфону, iPad жана
iPad mini планшеттери, ошондой эле
Apple Watch Series 7 акылдуу сааттары көрсөтүлгөн.