Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

6-марттан 9-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Талас облусу, Талас району,Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

 

Ошондой эле Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.