Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматтан бошотулду

Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 5-мартта кабарлады.

 

Өкмөттүн маалыматында, Бузурманкулов башка ишке өткөнү айтылган.

Анын кайсы кызматка дайындалганы азырынча расмий тактала элек. Айрым маалымат каражаттары ал мамлекеттик РСК-банктын Директорлор кеңешинин курамына киргенин жазып чыгышты.