Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жылган жок

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жылдырылган жок.

Бул тууралуу 24 агенттигине Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, даярдык уланып, дипломатиялык каналдар аркылуу сапардын убактысы макулдашылып жатат.

Бирок Өзбекстан башчысынын келе турган так датасы азырынча белгисиз.

Чиновник ошондой эле Мирзиёевдин сапары мамлекеттик макамга жана экономикалык мүнөзгө ээ экенин белгиледи.