Кыргызстандыктар аманаттарын банктарда көп сактай башташты

Кыргызстандыктар аманаттарын банктарда көп сактай башташты.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында, өткөн жылы финансы институттарындагы депозиттердин көлөмү дээрлик 243 миллиард сом болчу.

Ал эми быйылкы жылдын январынан октябрына чейин бул сумма 286 миллиард сомду түздү.

Карабаева мындай жол менен эл банктарга көбүрөөк ишене баштаганын, бул каржы-кредиттик уюмдардын туруктуулугунан кабар берерин белгиледи.