Министр Бекмурзаев оозеки эскертүү алды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оозеки эскертүү берди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып «Азаттык» маалымдады.

Жогорку Кеңеште 29-июнда Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин ишине сын доомат көп айтылган.

Парламентте айрым депутаттар энергетика тармагындагы бир катар иштер, берилген тапшырмалар жасалбай жатканын айтып, атайын комиссия түзүп, бул тармакты иликтеп чыгууну сунушташкан.

Министр Доскул Бекмурзаев айтылган дооматтарга жооп кайтарып, өзү башкарган мекеменин чамасы чак экени, акча кызматкерлердин айлыгына да жетпей жатканы менен түшүндүргөн.

Акылбек Жапаров парламентте 30-июнда түшкө чейин Бекмурзаевдин жоопкерчилиги каралып, чечим чыгарын билдирген.

Доскул Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Кызматка киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген