Бардык бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилди

Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар – “Түндүкэлектр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча чечим акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, “Түндүкэлектр” Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, “Чыгыш электр” Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы керектөөчүлөрдү, “Ошэлектро” Ош жана Баткен облустарындагы элди, “Жалалабатэлектро” Жалал-Абад шаары менен облусту электр энергия менен камсыздайт.