22 жаштагы Кайли Дженнер дүйнөдөгү эң жаш миллиардер аталды

22 жаштагы Кайли Дженнер дүйнөдөгү эң жаш миллиардер аталды.

Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, америкалык моделдин

каржы абалы 1 миллиард долларга бааланат. Бул сумманы Дженнер

жеке косметикалык каражаттарды өндүрүүчү компаниясы аркылуу тапты.

Эске салсак, эң жаш миллиардер аталышына Кайли Дженнер экинчи

жылы катарынан ээ болууда. Ал былтыр рекордго 23 жашында

1 миллиард доллар тапкан Марк Цукербергден ашып өткөн.

Кайли бул суммага алгач 21 жашында жеткен.