“Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга 20-июнга чейин келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабарга” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Препаратты өлкөгө жеткирүү маселеси чечилди, бул үчүн чартердик каттам уюштурулат. Кошумчалап кетсек, бул айда Кыргызстанга ошондой эле россиялык “Спутник V”жана британиялык “AstraZeneca” вакциналарынын келиши дагы күтүлүүдө.