Бишкекте ушул жума жайдагыдай ысык болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн дээрлик күн аягына чейин
асманды ала булут каптап турат. Абанын табы +24 градуска чейин жетет.
Бирок эртеңден тартып термометр мамычалары жогорулап, күндүз +29 болсо,
шаршембиде +30га жетет. Бейшембиде +34 градус ысык болуп, күн тийип турат.