Кечээ Бишкекте абанын температурасынын кезектеги рекорду орнотулду.
“Аба-ырайы жана климат” сайтынын маалыматына ылайык, күндүз шаар
41,3 градуска чейин ысыды. Бул нормадан дээрлик 7 градуска жогору.
Кечээ термометрдин максималдуу көтөрүлүшү боюнча тарыхта жүргүзүлгөн
метеобайкоодо экинчи орунга чыкты. Эске салсак, азырынча лидерликти
2015-жыл кармап турат. Анда 16-июлда ордо калаада +42,1 градус болгон.
Белгилеп кетсек, синоптиктердин маалыматы боюнча бүгүнтөн тартып
ысык бир аз кайтат. Күндүз +36дан ашпайт. Жуманын аягында жаан жаайт