Бишкекке жылуу аба-ырайы кайтып келет жана ал ноябрдын ортосуна чейин сакталат.
Синоптиктер алдын-ала болжолдошкондой, термометр мамычалары бүрсүкүндөн тартып
жогорулап баштайт. Күндүз абанын табы +6 градуска чейин жогорулайт, түнкүсүн дагы
суук кайта баштайт. 10-ноябрдан тартып ордо калаада жагымдуу аба-ырайы орнойт.
Күндүз +15 градус болсо, түнкүсүн +5…7 градуска чейин көтөрүлөт.
Кийинки жумада жаан-чачын толук токтойт. Күн чыгып, жылуу болот.