Каржы министрлиги Бишкек мугалимдеринин айлыгына жана эмгек өргүүсүнүн акысына 744 миллион сом бөлүп берет

Каржы министрлиги Бишкек мугалимдеринин айлыгына жана эмгек өргүүсүнүн акысына 744 миллион сом бөлүп берет. Ведомстводон билдиришкендей, адатта билим берүү уюмдарын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

 

Бирок өлкөдөгү өзгөчө абалды эске алуу менен жана кирешенин жоктугунан Бишкекке пайызсыз ссуда берүү чечими кабыл алынган. Каражат быйылкы республикалык бюджет жөнүндө өзгөртүлгөн мыйзамга киргизилген.