Бишкек — Ош унаа жолунун “Сосновка” посту кайрадан жабылды

 

Бишкек — Ош унаа жолунун “Сосновка” посту кайрадан жабылды.

 

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы туннелдин жарыктандыруу системасын оңдоо иштери жүрүп жатат.

 

Жумуштар аяктагандан кийин жол ачылат. Эске салсак, кечээ унаа өрттөнүп кетип, туннель эки тараптан убактылуу жабылган. Жалын өчүрүлүп, машине чыгарылгандан кийин унаа кыймылы жанданган болчу.