Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун курулушу 80 пайызга аяктады

Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу жол долбоорунун башкы инженери Авазбек Чалакеев билдирди.

 

Анын айтымында, долбоорго республикалык бюджеттен 5 миллиард сом бөлүнгөн. Учурга карата сумманын 4 миллиард 800 миллион сому өздөштүрүлдү. Трассага жаңы асфальт катмары төшөлдү.

 

Эми түтүктөрдү орнотуу иштери аткарылып жатат. Белгилеп кетсек, Балыкчы – Корумду унаа жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.