Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында айдоочулар тонировкага уруксат алуу үчүн дээрлик 10 миллион сом төлөштү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында айдоочулар тонировкага уруксат алуу үчүн дээрлик 10 миллион сом төлөштү. “Акчабар” агенттигинин маалыматына ылайык, сумма толугу менен мамлекеттик бюджетке которулган.

 

Эске салсак, алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга расмий түрдө уруксат өткөн жылы берилди.

 

Аны алуу үчүн жарандар 80 миң сом төлөшү керек, ал эми юридикалык жактарга уруксат кагазын алуу 100 миң сомго айланат.