ПСЖнын башкы машыктыруучусу Кристоф Гальтье кызматтан алынышы мүмкүн

ПСЖнын башкы машыктыруучусу Кристоф Гальтье кызматтан алынышы мүмкүн. Биринчи лигадагы абалды оңдоого адиске 2 беттеш берилди.

 

Чемпионаттын соңку жолугушууларында ПСЖ катары менен 2 жолу утулуп калды – 19-мартта “Ренн” клубу 0:2 эсебинде жеңишке жетсе, 2-апрелде “Ницца” 0:1 көрсөткүчү менен париждиктерди утуп алган.

 

Эми Гальтье постунда калыш үчүн анын тарбиялануучуларына жеңиш гана талап кылынат. Эске салсак,  ПСЖ Лионель Месси, Килиан Мбаппе, Срхио Рамос, Неймар, Ашраф Хакими жана башка жылдыздуу оюнчулардан турат.