Ордо калаада №14 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ушул жылы ачылат

Ордо калаада №14 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ушул жылы ачылат. Мэриянын маалыматына ылайык, имаратта калыбына келтирүү иштери дээрлик   80 пайызга аяктады.

 

Адистер анда инженердик тармактарды алмаштырылып, жылуулук системасын калыбына келтирип, чатырды, терезелерди жана эшиктерди жаңылашууда. Иштер 20 миллион сомго бааланат. Күтүлгөндөй, бала бакча  140 бөбөктү кабыл алат.