Кыргызстанда жакынкы 5 жылда 500 бала бакча курулат

Кыргызстанда жакынкы 5 жылда 500 бала бакча курулат.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ордо калаада гана эмес, республиканын бардык аймактарында ачуу пландалууда.

 

Азыркы тапта түштүк аймактарда дагы бала бакча ачуу иштери жүрүп жатат – Баткен жана Ош облустарында бирден бакча ачылды. Кийинки жылы Жалал-Абад облусунда дагы пайда болот. Белгилүү болгондой,  мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү боюнча долбоорго каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Бирок шарттары такталбайт.