Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра өтө турган шайлоодо добуштар өз-өзүнчө саналат.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ошондой эле бюллетендерде “барына каршы” графасы жайгаштырылат.
Ар бир округда барынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү болот. БШК акыркы жыйынтыкты 12-мартка
чейин чыгарышы керек. Эске салсак, Биринчи май жана Свердлов округдарында
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 27-февралда өтөт.