БШКнын жумушчу тобу облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында бир мандаттуу округдарды түзүү процессин жыйынтыктады.
Буга чейин маалымдалгандай, мыйзамга ылайык, 36 округ болот, анын төртү Бишкекте. Чүй облусунда 6, Ысык-Көлдө 3, Нарын, Талас облустарында экиден, Баткенде 3, Ош жана Жалал-Абадда жетиден, Ош шаарында 2. Алардын схемасын жана чек араларын Боршайком шайлоо күнү жарыялангандан кийин 7 күндүн ичинде тартуулайт.
Эске салсак, жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Кыргызстанда жаңы добуш берүү системасы киргизилет.