Кыргызстанда шайлоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлдү.
Анын милдети добуш берүүнү уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан
камсыздоо, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, штабды
вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектейт. Учурда 2 миң 464 шайлоо тилкеси бар.
Анын 44ү чет өлкөлөрдө. Мындан тышкары 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп,
алардын курамы бекитилди. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.