Россияда күнкараманын жана кант кызылчасынын түшүмү өстү

Россияда күнкараманын жана кант кызылчасынын түшүмү өстү.

Росстаттын маалыматына караганда, быйыл күнкараманын жыйымы

15,5 миллион тоннага жетти. Бул былтыркыга салыштырмалуу 17 пайызга көп.

Ал эми кант кызылчасынын түшүмү 39 миллион тоннага жакындады.

Көрсөткүч 2020-жылдан 14 пайызга жогору. Белгилеп кетсек, түшүмдүн

көбөйүшү өсүмдүк майынын жана кумшкердин кымбатташын алдын алат.

Ал эми Кыргызстан аталган азыктарды көбүнчө Россиядан импорттойт.