Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, биздин өлкөнүн Россиядагы элчилиги
Роспотребнадзордон коронавирусту аныктай турган 200 миң
ПЦР-тест системасын алды. Гуманитардык жүк
жакынкы аралыкта Кыргызстанга жөнөтүлөт.