Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилкеден унаалар бир тараптуу жүрүп жатат.

Жеринде оор техникалар жана кызматкерлер жолду кардан арылтышууда. Күтүлгөндөй,

тилке жакынкы күндөрү кыймылга ачылат. Эске салсак, трассага 22-апрелде 210 миң кубометр кар көчкү түшкөн.