Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө

Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй жана Ош облустарында жарылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүргүзүлүп баштады.

 

Учурга карата 12 көл изилденди. Быйыл өлкөдө суунун деңгээли төмөн болгондуктан, жарылып кетүү коркунучу бар көлдөрдун абалы туруктуу, — дешти ведомстводон.